БЕРМА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕ́РМА – 1) плотинанын, каналдын, карьер­дин ж. б-дын жантаймасындагы (жээгиндеги) тектирче (тегиз тилкече). Ал жантайманын бе­кем болушу ж-а аны жамгыр, кар суулары жууп кетпесин үчүн жасалат. Карьерлерде туурасы 8– 15 м болгон трансп. Б. ж-а карьердин каптал­дарынын урашын сактай турган коргогуч Б. (3–5 м) курулат. 2) Окоп казганда сыртка ыр­гытылган топурак кайра ичине түшпөсүн үчүн окоп м-н үйүлгөн топурактын ортосунда кал­тырылуучу тилкече (туурасы 10 см).