БЕРНАДОТТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРНАДОТТОР – швед королдук династиясы (1818-жылдан). Династиянын негиздөөчүсү Наполеон Бонапарттын маршалы – Жан Батист Бернадот. 1810-ж. мамл. төңкөрүштөн кийин ал Наполеон тарабынан кызматтан кетирилип, Швецияга тактынын мураскору катары чакырылган. 1813-ж. Бернадот Францияга каршы согушта швед аскерлерин жетектеген. 1818-жылдан Бернадот Карл XIV Юхан деген ат м-н королдук такка отурган. 1814-ж. Норвегия швед королдугуна бириктирилгенден кийин, 1818–1905-ж. аралыгында Б. Швеция м-н Норвегиянын королу (1905-ж. Норвегия Швециядан бөлүнүп, көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланган) болуп келген. Учурда Швециянын королу – Карл ХVI Густав (1973- жылдан).