БЕРНУЛЛИ ТЕҢДЕМЕСИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРНУ́ЛЛИ ТЕҢДЕМЕСИ – dy/dx+p(x)y=q(x)yn түрүндөгү 1-тартиптеги дифференциалдык теңдеме, мында n – 0гө ж-а 1ге барабар болбогон чыныгы сан, p(x), q(x)– берилген үзгүлтүксүз функциялар. z=y1–n деп алыш керек. Б. т-н zке карата сызыктуу дифференциалдык теңдемеге келтирүүгө болот. Эгер n>0 болсо, анда Б. т-нин чыгарылышы y=0 болот. Б. т-н 1695-ж. швейц. математик Я. Бернулли карап чыгып, чыгаруу ыкмасын анын иниси Иоганн 1697-ж. жарыялаган. Дарбу, Риккати теңдемелерин чыгарууда Б. т. колдонулат.
Ад.: Камке Э. Справочник по обыкновенным дифференциальным уравнениям, пер. с нем. М., 1976.