БЕРНШТАМ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРНШТА́М Александр Натанович [18.9((10). 1910, Россия, Керчь – 10.12. 1956, Ленинград азыр Санкт-Петербург)] – чыгыштаануучу, археолог, этнограф, тарых илимд. доктору (1942), Ленинград мамл. ун-тинин проф. (1946–52); Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиңирген ишмери (1945); түрк тилдүү элдердин тарыхын изилдегендердин, Кыргыз археология илимин негиздегендердин бири. 1931-ж. Ленинград мамл. ун-тинин география ф-тин бүтүргөн. 1931–35-ж. Ма-

териалдык мад-т тарыхы академиясында, 1935–38-ж. Чыгыштаануу ин-тунда иштеген. «6–8-к-дагы орхоненисей түрктөрүнүн социалдык экономикалык түзүлүшү» темасы б-ча кандидаттык (1935), «Кыргызстан менен кыргыздардын байыркы доордон монгол-татар чапкынына чейинки тарыхы»
13*
деген темада докторлук (1942) диссертациясын коргогон. 1936-жылдан Б. жетектеген археол. экспедициялар жыл сайын уюштурулуп, Казакстан ж-а О. Азия элдеринин байыркы тарыхына байланыштуу маалыматтар жыйналган. Б. – 250дөй ил. эмгектердин автору. Көп жылдык ил.-изилдөөлөрүнүн негизинде б. з. ч. 2-миң жылдыктан тарта б. з. 15-к-на чейинки Кыргызстандын тарыхын алгачкылардан болуп мезгилдештирип ж-а Түн. Кыргызстандагы археол. эстеликтерди классификациялаган. Анын эмгектеринде О. Азиядагы, айрыкча Борб. Теңиртоо, Памир-Алай, Талас, Чүй өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин ж-а уруулардын этногенези, коомдук түзүлүшү, чарбасы, о. эле мад-ты м-н иск-восунун тарыхы, эпиграфикасы ж-а нумизматикасы баяндалат. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Памятники старины Таласской долины. Алматы, 1941; Кыргыз элинин өткөндөгү тарыхый күндөрү. Ф., 1943; Археологический очерк Северной Киргизии. Ф., 1941; Чуйская долина. Алматы, 1950; Историко-археологические очерки Центрального Тянь- Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952; К вопросу происхождения киргизского народа //СЭ, 2. 1955.
Ад.: Заднепровский Ю. А. Александр Натанович Бернштам //КСИИМК, вып. 80; Горбунова Н. А. Н. Бернштам – исследователь древних культур Средней Азии //Сб. «Из истории и археологии древнего Тянь- Шаня». Бишкек, 1996.