БЕССАРАБИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕССАРА́БИЯ – Кара деңиз м-н Дунай, Днестр, Прут ж-а Ракитна д-нын аралыгындагы та­рыхый аймак. 19-к-дын башына чейин Б. деп Прут ж-а Днестр д-нын аралыгындагы аймак аталып келген. 10–11-к-да Б. Байыркы Орус мамлекетинин, кийин Галиция ж-а Галиция- Волынь княздыктарынын курамына кирген. 14-к-дан Молдова княздыгынын курамында, 16-к-дын башында Түркия тарабынан каратыл­ган. 1812-жылдан Россия империясына, 1918– 40-ж. Румынияга кирген. 1940–91-ж. СССРдин курамында. Азыркы учурда Б. Молдова Респ­нын негизги аймагын түзөт, ал эми айрым бөлүктөрү Украинанын Одесса обл-нун айма­гында.