БЕТАИНДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТАИНДЕР – амин к-таларынын азот атому м-н үч алкилтобу бар комплекстүү туздары. Молекуласында оң заряддуу азот атому ж-а терс заряддуу карбоксил тобу болгондуктан, эки уюлдуу же биполярдуу ион тибинде болот: CH 3 CH ‒‒ N ‒‒ CH ‒‒ C OO –

CH 3 R . Cууда жакшы, эфирде начар эрийт; эрүү t өтө жогору. Б. амин к-таларга алкилгалогениддерди ж-а алкилсульфаттарды таасир кылуудан алынат. Өсүмдүк, жаныбар организмдеринде гликокол бетаин –
(СН3)3NЕ CH2COO кеңири таралган. Ал түссүз
кристалл, б. эрүү t 293°С, кант өндүрүүдө анын калдыктарынан алынат. Хлордуу бетаин (ацидол) медицинада туз к-тасынын ордуна колдонулат. О. эле полимерлешүү реакциясында эмульгатор, диспергатор, ал эми кагаз, тери, текстиль ж-а металлды кайра иштетүүчү өнөржайда нымдаткыч катары колдонулат. Респ-да кант з-дунун калдыктарынан алынган Б-ден мал ж-а канаттуунун азыктуулугун жогорулатуучу дары чыгарылат.