БЕТЕГЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТЕГЕ (Festuca L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Түбү катуу болуп түптөнгөн, көптөгөн, майда ичке сабактуу, сабагынын бийикт. 10–120 см, жалбырагы ичке, гүлү шыпыргы топгүлгө чогулган. Анын 500дөй түрү белгилүү, Кырг-нда 13 түрү бар. Шалбаа, кызыл ж-а жипчелүү Б-нин чарбалык мааниси чоң. Тоодо, талаада, негизинен мелүүн ж-а суук ал- + кактарда кеңири таралган. Малдын тебелеп оттоосуна туруштук бергендиктен, жайытта башка өсүмдүктөрдөн басымдуулук кылат. Б-нин өзгөчө касиети – жазында кар кетери м-н тез өсөт, башка чөптөргө салыштырганда 5–10 күн мурун мал оттоого жарайт. Ал эми күз айында кайрадан алысындап өсүп, мал оттоого өбөлгө түзөт. Б-лүү жайытка малды эрте жазда жайса, малдын кайсы түрү болбосун жакшы жейт.