БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕТО́Н КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР – имараттын ж-а курулманын ар­матурасыз же аз арматуралуу (констр.) бетон­дон даярдалган бөлүгү. Алар начар чоюлган­дыктан, жалаң кысуу күчү таасир этүүчү жерге пайдаланылат. Имараттын пайдубалы, дубалы


ж-а блоктору, гидротех. курулмалардын бөлүк­төрү, мунара, чүмбөт ж-а көпүрө тирөөчтөрү, жолго ж-а жанжолчого (тротуарга) төшөлүүчү такталар (плиталар) ж. б. катары кеңири кол­донулат. Алардын з-ддо даярдалган курама бөлүктөрү натыйжалуу болуп эсептелет. Ал эми өтө көлөмдүү курулмалардын констр-лары (мис., плотина, ири пайдубал, көтөрмөлөр, тирөөч дубал ж. б.) монолит бетондон даярдалат.