БЕТПАК-ТАЛАА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕТПАКТАЛАА , Б е т п а к д а л а а, Т ү н д ү к А ч т а л а а – Казакстандагы чөл. Сарысуу, Чүй д. м-н Балкаш көлүнүн аралыгында. Аян­ты 75 миң км2дей. Бийикт. 974 мге чейин (Жам­был чокусу). Чыгыш бөлүгү – Сарарканын улан­дысы. Батыш бөлүгүндөгү чополуу-баялыш-шы­бактуу чөл өсүмдүктөрү чыгышында таштак чөлгө өтөт. Шор, такыр жерлер, туздуу көлдөр кездешет. Жазгы ж-а күзгү жайыт. Б-нын фау­насын сактоо максатында заказник, коруктар уюшулган.