БЕТТИК НАТЫЙЖА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТТИК НАТЫЙЖА , с к и н-э ф ф е к т – өзгөрмө электр тогунун ж-а аны м-н байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туурасынан кесилиши б-ча тегиз эмес бөлүштүрүлүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизинен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скинкатмарда) агып өтөт ж-а тереңинде дээрлик өтпөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борб. бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зымдын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материалдын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү
көбөйгөн сайын жогорулайт. Б. н. турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүчтүн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.