БЕТТИК КУБУЛУШ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТТИК КУБУЛУШ – чектик катмардагы ашыкча эркин энергия – беттик энергия пайда кылган кубулуш. Б. к. нерселердин хим. ж-а физ. өзара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайышына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бетин пайда кылуучу мол. күч м-н сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу Б.к. капиллярдык кубулуштар деп аталат. Катуу нерселердеги Б. к-ка илинишүү (когезия), жабышуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу ж-а деформациялануу процесстеринде кристаллдык торчонун бузулушунан нерсенин ички беттеринде да Б. к. байкалат. Б. к-тун көпчүлүк тобун беттик катмардын хим. курамын өзгөртүүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. Адсорбция). Кубулуштардын башка тобуна термоэлектрондук эмиссия, потенциал секириги ж-а фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул Б. к. иондордун адсорбциялык ж-а диполдук молекулалары м-н байланышкан. Б. к. чектик беттердин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлүгүн, берилген чөйрөдө материалдардын ж-а констр-лардын чыдамдуулугун аныктайт. Чектик бетте мономол. катмарды пайда кылган адсорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүндүк берет. Б. к. тоотектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын ж-а айлануусун, о. эле тирүү организмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технол. процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) Б. к-ту пайдаланууга негизделген.