БЕТТИН САПАТЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕТТИН САПАТЫ м а ш и н а т е т и к т е р ин и н – беттик катмардын физ-хим. касиеттеринин ж-а беттин геом. касиеттерин аныктоочу комплекстүү көрсөткүч. Ал макрогеометрия (беттин чоң бөлүгүндө формасынын четтөөсү – иштетүү тактыгы), беттин бодурлугу, толкундуулугу (толкун арымынын бийиктигине болгон катышы 50–1000, б. а. бодурлукка караганда бир топ эсе чоң), беттик катмардын абалы (анын физ.-мех. ж-а хим. касиеттери – согуп-чыңоо, калдык чыңалуу, микрокатуулук, фазалык курам ж. б.) м-н мүнөздөлөт. Анын мүнөздөмөсү машина тетиктерин пайдаланууга, а. а. жешилүүгө, дат басууга, титирөөгө, туруктуулугуна, чарчоо каршылыгына, тийишүү катуулугуна, бириктирүүнүн жылчыксыздыгына ж-а бекемдигине, каптоонун бышыктыгына ж. б. олуттуу таасир тийгизет.