БЕХАЙМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕ́ХАЙМ (Behaim) Мартин (6. 10. 1459, Герма­ния, Нюрнберг, – 29. 7. 1507, Португалия, Лисса­бон) – немис географы ж-а саякатчы. 1492-ж. ди­аметри 0,54 м келген «Земное яблоко» глобусун алгач даярдаган. Б. Жаңы Дүйнөнүн ачылышы алдында Жер бетине геогр. түшүнүк берген. Ал Птолемейдин маалыматына таянуу м-н түзүлгөн дүйнөнүн картасын оригинал кылып алган. Бул глобус маанилүү тарыхый-геогр. кымбат мүлк катары Нюрнберг музейинде сакталып келет.