БЕХИСТУН ЖАЗМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕХИСТУ́Н ЖАЗМАСЫ – Байыркы Иран падышасы Дарий Iнин (б. з. ч. 522–486-ж. бийлеген) буйругу м-н б. з. ч. 516-ж. Түн.-Батыш Ирандын Керманшах – Хамадан жолунун боюндагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехистун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда б. з. ч. 522– 519-ж. Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар баяндалат. Ал эки бөлүктөн турат: жогору жагында көтөрүлүшкө чыккан душмандарын чөгөлөтүп турган Дарийдин сүрөтү, анын айланасында ж-а төмөн жагында клинопись (шынаа сымал) жазмасындагы байыркы перс, элам ж-а вавилон тилдеринде чегилген 14 саптан турган жазуулар бар. Жазмада Дарий Iнин О. Азияга

жасаган жортуулу ж-а ал басып алган элдер, О. Азия ж-а Теңиртоо аймагын байырлашкан көчмөн уруулар тууралуу кабарлар берилет. Жазмада сактардын үч түрү эскерилген. Алар «сакатйайий-парадрайа» – «деңиздин (дарыянын)
өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаумду кадырлоочу сактар» (б. а. чекенде өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сактар), «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун аскасындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип тиграхауда сактарын багындырып, жолбашчысы Скунханы туткунга алганы жазылган. 1837-ж. англис офицери Генри Роулинсон 50 м бийиктиктен Б. ж-нын көчүрмөсүн алган. Аны чечмелөөдө бир топ мезгилге чейин окумуштуулардын арасында талаш-тартыштар болуп келген. 1857-ж. гана Лондондо англис окумуштуулары Г. Роулинсон ж-а У. Тальбот, нем.– франц. окумуштуусу Ж. Опперт ж-а ирландиялык Э. Хинксттин ар бири өзалдынча окуп чыгып, чечмелөөдө анын бир маанини билдириши м-н талаш-тартыштар токтогон.