БЕЧЕЛОВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЧЕЛОВА Турсун (1898, Бишкек уезди, Кы­зылсуу кыш. – 1981, Бишкек) – Кырг-нда Со­вет бийлиги орногондон кийин саясий үгүт иш­терин жүргүзүүнү уюштурган алгачкы кыргыз

аялдарынын бири. 1916- жылдан Бишкек, Сокулук­тагы соодагерлерге жалда­нып иштеген. 1918-ж. Биш­кектеги «Эмгекчи аялдар со­юзуна» кирген, 1919–20-ж. Ташкендеги парт.-сов. мек­тептен окуган. Аны бүткөн­дөн кийин Бишкек, Токмок ш-нда аялдар ишин уюшту­рууга катышкан (1924); На­рын, Бишкек ш-нда аялдар арасында иштөө б-ча инструктор, кийин Ош, Бишкек ш-нын иш­каналарында иштеген. 1945-жылдан респ. маа­нидеги пенсияга чыккан.