БЕШ-БАЛЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕШБАЛЫК , Б э й т и н – Чыгыш Түркстанда­гы о. кылымдарга таандык шаар. Азыркы Синь­цзянь Уйгур автономиялуу р-нунун Үрүмчү ш­на жакын жайгашкан. Кытай даректеринде Бэй­тин деген ат м-н да белгилүү. 7-к-дын 40-жыл­дары Чыгыш Түркстанда кытай аскер гарнизон­дору уюштурулуп, 658-жылдан Б. чөлкөмдөгү Кытайдын коргонуу борборуна айланган, аны башкаруу кытай акимдерине, кээде түрк аким­дерине тапшырылган. Б. ж-а Аньси гарнизон­дору Түргөш кагандыгынын түш.-чыгыш чекте­рине коркунуч келтирип турган. 714-ж. Кытай коменданты түрк урууларынын чабуулунун ми­зин майтарган. 8-к-дын 2-жарымында Кочо, Ка­рашаар ж-а Б. ш-лары Моңголиянын түндүгүн­дөгү Уйгур мамлекетинин протекторатына ай­ланган. 788–89-ж. тибеттиктер м-н карлуктар­дын биргелешкен күчтөрү Бэйтинге чабуул ко­юшкан. Андагы уйгурлар м-н бирге алардын союздашы кытайлыктар шаарды таштап ка­чышкан. 791-ж. күзүндө уйгурлар абалды оңдо­гонго аракет кылып, 60–70 миң аскерин жөнөт­көн, ал жүрүш ийгиликсиз аяктаган ж-а Б. кар­луктардын колунда калган. 840-ж. Уйгур ка­гандыгы кыргыздардын соккусунан кыйраган. Алардын Яглакар Пантегин баштаган бөлүгү Чыгыш Теңиртоонун этектерине көчүп келген. Буку Чин башында турган уйгурлардын жи­гердүү тобу Б-ка бекем орноп, 866-ж. Турпанды басып алышкан ж-а тибеттиктерди кыйратып, аймакка толук кожоюндук кылышкан. Натый­жада, Чыгыш Теңиртоонун этегиндеги Кочо ж-а Б. кайрадан түптөлгөн Уйгур мамлекети­нин борбору болуп калган. 840-жылдан кийин уйгурлардын артынан түшкөн кыргыздар Ань­син ж-а Бэйтинге чабуул коюп, убактылуу ээлешкен. 982-ж. Кытайдын Сун династиясы­нын элчиси Вань Янь-дэ Б-та кабыл алынган ж-а шаар ж-дө анын жазгандары сакталып кал­ган. Б. тууралуу автору белгисиз «Худуд ал- Ааламда» (982–983) ж-а Гардизинин «Зайн ал­ахбар» («Кабарлардын аземи») эмгегинде эске­рилет. «Худуд ал-Ааламда» Тофкан (Теңиртоо) тоолорунан түндүктөгү Панжикант ш. (Б-тын персче которулушу) уйгур падышасынын жай­кы резиденциясы экендиги баяндалат. Гарди­зинин кабары б-ча «тогуз гуздардын падыша­сынын» ордосу Арк (Карашаар) эсептелинген, ал эми Пенжикент (Бешбалык) өлкөдөгү шаар­лардын бири болгон. Хакандар м-н кан төгүлгөн салгылашуудан кийин Б-тан чыккан династия бийликти алган. 13-к-да Б-ка Моңголиядан кач­кан уруулар, кийин моңголдор өздөрү келишкен. Моңголдордон кийин Б. Чагатай улусунун кара­магында турган. Чагатай тукумдарынын ичара согуштарынын натыйжасында 14-к-да Б. өзүнүн жашоосун токтоткон. 15-к-да Б. аймактын аты катары гана пайдаланылган. 14–15-к-да Те­мирдин небереси Искендер Моголстанга кол са­лып, Алмалыктын ж-а Хотандын сулууларын, о. эле Б-тагы кыргыз чүрөктөрүн колго түшүрүп, чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. Демек, 14–15-к-да кыргыздар Чыгыш Теңиртоо­нун этектерин, б. а. Б-тын айланасын байыр­лашкан.

Ад.: Грумм-Гржимайло Г. Е. Описание путешествия в Западный Китай. Т. 1. СПб., 1996; Бартольд В. В. Кыргыздар ж-а Кыргызстан тарыхы б-ча тандалма эмгектер. Б., 1996; Кляшторный С. Г., Каисников А. А. Восточный Туркестан глазами русских путешествен­ников (II половина XIX в.). А.-А., 1998.


Т. Асанов.