БЕШ БАРМАК: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШБАРМАК – кыргыздын улуттук негизги сый тамагы. Ал казак, мурдагы көчмөн өзбектерде да болгон. Бышкан эттин табы кайтканда тууралып, эттин тундурулган сорпосуна кесме салып бышырып, аны сүзүп алып, тууралган этке кошот. Үстүнө майлуу, коруштуу ысык чык куюлуп, текши аралаштырылат. Б. – мурда «туураган эт», «нарын» деп аталган тамактын жаңыча аталышы. Болжолу өткөн кылым-

дын 20–30-жылдарынан «бешбармак» деп аталып кеткен. Койдун этинен даярдалган Б-тын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак Б.», төөнүн этинен даярдалып, үстүнө жилигинин чучугун («ак челек») кошсо «ак дөбө Б.», даярдалган Б-тын үстүнө чучук коюлса «селделүү Б.», сүр эттен жасалганы «сүр Б.» деп аталат. Учурдун технологиясы б-ча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» ж. б. түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда.