БЕШИК ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШИК ЫРЛАРЫ – кыргыз оозеки поэзиясындагы лирикалык жанр. Б. ы. адам жаралгандан бери ырдалып келе жатат. Бала сооротуу, уктатуу максатында ырдалып, эненин балага болгон мээримин, жакшы тилектерин туюнтат. Баланын музыкага болгон кабылдоосун ойготуп, көркөм табитин өстүрөт. Б. ы-ндагы ар бир куплет же эки сап ырдан кийин «алдей, алдей, бөбөгүм» деп кайталанган ыргактуу саптар анын поэтикалык таасирин, эмоциялык маанайын күчөтөт. Ыр саптары терметилген бешиктин ыргагына ылайык басыңкы, сызылып чыккан обон м-н аткарылат.