БЕШКЕН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕШКЕН (беш ж-а кент – б. иран тилинде – кыштак, там, шаар; беш там маанисинде), Т а­г а п – Баткен обл-нун Лейлек р-нундагы кыш­так. Бешкен айыл өкмөтүнө караштуу. Кожо­бакырган суусунун боюнда, деңиз деңг. 590 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана ш-нан 80 км түн.-чыгыш тарапта. Про­летарск темиржол бекетинен (Тажикстан) 55 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 3015 (2002); не­гизинен дыйканчылыкта ж-а тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Шарап з-ду, орто мектеп, мад-т үйү, китепкана, оорукана бар.