БЕШТАШ КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТАШ КӨЛҮ – Талас Алатоосунун түн. капталындагы Бешташ капчыгайында деңиз деңг. 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орт. тереңдиги 13 м, эң терең жери 28 м. Уз. 1200 м, туурасы эң жазы жеринде 600– 700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь–июлда деңгээли 1–2 мге чейин көтөрүлүп, сентябрь–майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жи-
лингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Бешташ суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, айрыкча андан төмөнүрөөк, Бешташ суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ландшафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.