БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ Талас Алатоосунун түн. капталында. Бешташ суусун бойлой Бешташ ашуусунан (3578 м бийиктикте) түн.-чыгышты карай 54 кмге созулуп жатат. Таманы деңиз деңг. 1250–3500 м бийиктикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Талас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адырлуу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жатат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында интрузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Бешташ суусу агат. Деңиз деңг. 3008 м бийиктикте Бешташ көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –0...–8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; темп-расы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 мм. Б. ө. ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу күңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 м) баштап, доңузсырты, өлөң, түркүн чөптүү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга чейинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 м бийиктикте көккарагай, карагай токойлору кезигет. Көккарагай Б. ө-дө гана өсөт. Токой арасында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Балбал, Хивинка кыш. жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бешташ ашуусуна, андан Кетментөбө өрөөнүнө автомобиль жолу өтөт.
Ы. Токторова.