БЕШ-ТАШ ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТАШ ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-к-га таандык шаардын урандысы. Талас обл-нун Талас р-нундагы Бешташ капчыгайында жайгашкан. Археол. табылгалары б-ча Б. ш. к. 3кө бөлүнөт. 1-шаар калдыгы Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120x165 м аянтты ээлейт. Шаарды курчаган дубалдын бийикт. 3 м. Дубалдары мунара м-н бекемделген. Түш.-чыгыш ж-а түн.-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36x50 м аянтта цитадель жайгашкан. 2-шаар калдыгы 2 бөлүктөн турат. Курчалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлүгүндө. Түш.-чыгыш бөлүгүндө 10x12 м келген курулуштун изи билинет. Түн.-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын казылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түн. ж-а түш. сыртында аң казылган. Андан табылган карапалардын сыныктары 1-шаар калдыгынан табылган материалдарга окшош. 3-шаарча 2-шаарчадан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45x45 м. Ички бөлүгү 25x25 м. Сырткы бөлүгүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгү маданий катмар 0,6 м. Б. ш. к-нын бардык бөлүктөрүнөн карапа сыныктары табылган.