БЕШ-ТЕРЕК ТАШ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕШТЕРЕК ТАШКӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Жазы суусунун сол жээгинде, Бештерек суусунун башатында, Жазы ж-а Каракулжа сууларынын аралыгындагы кырда. Көмүр кени 1939-жылдан белгилүү. 1940–45-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Батыш ж-а Чыгыш болуп эки участкага бөлүнөт. Кендин аймагындагы юра катмары чаарташ ж-а зындан аттуу эки свитадан турат. Чаарташ свитасында биринчи (I) деп аталган бир кабат ж-а көмүрдүн бир нече ичке катмарчасы, зындан свитасында экинчи (II) деп аталган бир кабат, дагы 9 майда кабатча бар. Биринчи кабаттын калыңдыгы Батыш участкасында 1,74 мден 3,50 мге чейин өзгөрүп, орточосу 2,24 мди, Чыгыш участкасында 0,43 мден 1,63 мге чейин өзгөрүп, орточосу 1,17 мди түзөт. Экинчи кабат Батыш участкасында гана кездешет, анын калыңдыгы 0,40 мден 1,80 мге чейин, орточосу 1,32 мди түзөт. Сапаты ж-а технол. касиеттери б-ча кендин көмүрү кокстуу майлуу ж-а биринчи кокстуу майсыз маркасына кирет. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 15,28–15,85%ти түзөт, орт. күйүү жылуулугу 35,44 МДж/кг (8466 ккал/кг). Көмүрдөн кокс алууга болот. Кайра бааланган (1990) запасы С2 категориясы б-ча 6819 миң т.