БЖЕЗИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЖЕЗИ́НСКИЙ Збигнев Казимир (28.3.1928-ж. т., Варшава) – АКШнын мамл. ишмери, окумуштуу. Философия илимд. доктору (1953), проф. (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) ун-ттерин бүтүргөн. 1953–60-ж. Гарвард, 1960-жылдан Колумб ун-тетинин (Нью-Йорк) проф., 1962–77-ж. ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө ин-тунун директору. 1977– 81-ж. АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери б-ча жардамчысы. 1981– 89-ж. Жоржтаун ж-а Колумб ун-ттеринде, 1989– 99-ж. Жон Гопкинс ун-тинде эларалык мамилелер бөлүмүн жетектеген. Б-дин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеологиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тышкы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжасында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу ил. божомолун жарыялаган. 20-к-дын 90-жылдарынан тарта Б. мурдагы СССРдин аймагындагы, а. и. О. Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көзкаранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелерди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бийлик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бирдикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы коммунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998).