БИБЛИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИ́БЛИЯ (гр. biblia – китеп) – иудаизм ж-а христиан дининдеги «ыйык» китептердин жый­нагы; байыркы замандан калган жазма эстелик. Б. иудаизм ж-а христиан дининдегилер тааны­ган «Көөнө осуят» ж-а христиандар тарабынан толукталып, алар үчүн ыйык деп эсептелген «Жаңы осуяттан» турат. Бул аталыштын ар­тында Кудай тарабынан бир эл (еврейлер) м-н түзүлгөн «осуят» (биримдик, келишим), Иисус Христостун келиши м-н бардык элдер м-н түзүлгөн «Жаңы осуят» м-н алмашылган деген христиандык түшүнүк жатат. Ислам «Көөнө осу­ятты» (ар. Таурат – Торат) да, «Жаңы осуят­ты» (ар. Инжил – Евангелие) да кабыл албаган­дыгына карабастан, негизинен алардын ыйыкты­гын тааныйт ж-а Б-нын каармандары тууралуу (мис., Ибрахим, б. а. Авраам, Иусуф, б. а. Иосиф, Иса, б. а. Иисус) Куранда да айтылган. «Көөнө осуят» б. з. ч. 12–2-к-га таандык бай­ыркы еврей тилинде, тактап айтканда арамей тилинде жазылган байыркы еврей ад-т бу­лактарынан турат. Ал үч ири бөлүктү камтыйт: Моисей пайгамбарга таандык эсептелген – Тора же Беш китеп; 2) Пайгамбарлар – б. з. ч. 8–5-к-га таандык Исайе, Иеремий, Иезекиил ж-а 12 «кичи пайгамбарларга», о. эле б. з. ч. 2-к-га таандык Даниилдин китеби деп эсептел­ген бир нече байыркы хроникалар ж-а пайгам­барлардын өздөрүнүн үгүт-насыяттары; 3) Жаз­малар же Агиографтар – түрдүү поэзия ж-а проза жанрларындагы (диний маанайдагы лирика, афоризмдер жыйнагы, үгүт-насыят чыгармала­ры, хроникалык тексттер) чыгармалардын жый­нагы. «Жаңы осуят» б. з. 1-к-нын экинчи жа­рымы – 2-к-га таандык, негизинен грек тилин­де жазылган христиан адабий булактарынан [төрт Инжил (Евангелия), б. а. Христостун окуу­су ж-а өмүрү тууралуу, шакирттеринин (апос­толдор) иштери, апостолдордун – Павел, Пётр, Иоанн, Иаков, Иуданын (Искариот эмес!) 21 кай­рылуу каттары ж-а Иоанн Богословдун аяны же Апокалипсис] турат. Б. толугу м-н 300дөн ашык, ал эми «Жаңы осуят» 800гө жакын дүйнө тилдерине которулган.

Т. Өмүрова.