БИЙЛИК: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИЙЛИК – укук, мыйзам, авторитет, ынандыруу, салт, мораль, талап, кысым, коркутуу, мажбурлоо, кара күч сыяктуу каражаттар аркылуу өз эркин башка бирөөнүн эркине таңуулоо. Б. – адам коому м-н бирге пайда болгон, мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч. Ал биринчи кезекте коомдун бүтүндүгүн ж-а биримдигин камсыз кылууну көздөйт. Б-тин экон., саясий, социалдык, рухий ж-а үйбүлөлүк түрлөрү бар. Ал биринчи кезекте коом м-н мамлекеттин ортосундагы мамиле экендиги ж. б. өзгөчөлүктөрү ж-дө Аристотель, Монтескье, Локк, Макиавелли, Гегель, Маркс, Ленин, Вебер ж. б. философтордун, саясатчылардын эмгектеринен белгилүү. Б. субъекттери – мамлекет ж-а анын ин-ттары, саясий элиталар, лидерлер, саясий партиялар; объекттери – индивиддер, социалдык топтор, масса, эл катмарлары ж. б. Функциялары – жетекчилик, башкаруу, үстөмдүк, жөнгө салуу, тарбиялоо, көзөмөл, уюштуруу, жазалоо ж. б. Б-тин бир катар айырмаланган сапаттуу белгилери (атрибуттары) бар: легалдуулук, чечимдеринин милдеттүүлүгү, ачыктыгы, жалпыга бирдейлиги, коом атынан башкаруусу, борбордоштурулганы, ресурстуулугу.
Т. Эсенгелдиев.