БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кыркатоосу­нун түн. капталында. Акшыйрак суусунун ала­бында жайгашкан. Уз. 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4615 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталы­нан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары м-н то­ролгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр м-н татаал­данган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сарытөр суусу башталат.