БИЛГЕ КАГАН: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИЛГЕ КАГАН , М о г и л я н (683–734) – экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (716–734). Кутлуг хандын тун уулу, Күлтегиндин агасы. 716-ж. Күлтегиндин демилгеси м-н ордо төңкөрүшү ишке ашып, Билге такка отурат. Б. к. бийликке келгенден кийин эки-үч жылдын ичинде көтөрүлүш чыгарган урууларды басып, өлкөнү тартипке келтирген. Ал Кытай м-н мамилени жакшыртууга аракеттенген. Бирок Тан императору анын аракетине каршы чыгып, чоң армия топтогон. Армиянын негизги сокку уруучу атчан аскерлери басмыл, кидан, татаби ж-а башында Кытайга качып барган Капаган каган-
дын кичүү уулу Бек тегин турган түрктөрдөн куралган. Алдынала сүйлөшүүлөр б-ча түрктөрдүн ордосуна чыгыштан татаби ж-а кидандар, түштүктөн кытайлар, батыштан басмылдар чабуул жасамак. Муну билип калган Б. к. ж-а Тонйукуктун аскерлери 720-ж. күзүндө басмылдарды тосуп чыгып, аларга катуу сокку уруп,
чегинүүгө аргасыз кылат. Андан кийин Тонйукук ж-а Күлтегиндин аскерлери Бешбалыктан Бансу аймагына жортуул жасап, ага каршы коюлган аскерди талкалап, Лянчжоу аймагын багындырган. Ордосуна кайтып келе жатканда Б. к. кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюанцзян айласы куруп, 721-ж. Б. к. м-н келишим түзөт. Андан кийин Кытай м-н Чыгыш Түрк кагандыгынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Аларда мезгил-мезгили м-н товар алмашуулар болуп, Б. к. императорго аргымактарды жөнөтүп, андан алтын, күмүш ж-а жүз миң таңгак жибек алып турган. 734-ж. Б. к-ды төрөлөрүнүн бири уу берип өлтүргөн.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М., 1950. Т. 1; Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.; Л.; 1959; Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994.