БИЛЕРИК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИЛЕРИК – кыз-келиндер билегине салына тур­ган асем буюм. Алтын, күмүш, жезден, о. эле мүйүздөн да жасалган. Зергерлер Б-ке асыл таш­тардан көзчө салып, «кыял», «мүйүз» өңдүү оюм­чийимдин татынакай нускаларын түшүрөт.


Б-тин жалпак ж-а жумуру түрлөрү болот. Мүйүз Б. да өзүнчө көркөмдө­лөт. Мүйүздүн көң­дөй жеринен араа­ланып алынат да, Б. турпатына кел­тирилет. Мүйүз Б-ке да акак таш ж. б. чөгөрүлүп, оюм-чийим м-н кооздолот. Учурда желим, үлүл ка­быктарынан, иш­телген тери ж. б. көркөмдөлүп жа­салган Б-тин ар кандай түрлөрү кездешет.

Файл:БИЛЕРИК111.png
Файл:БИЛЕРИК112.png