БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ – белгилүү бир мезгилге эсептелген билим берүү тармагынын келечегин айкындап көрсөтүүчү мамл. норматив­дик документ. Ал өзүнө кандайдыр бир максат коюп, ошол максатка жетүүнүн ресурстарын, мөөнөтүн, аткаруучуларын ж-а аткаруу жолун аныктайт. Программаны түзүү ж-а аткаруу бир нече этаптардан турат: маалыматтарды топ­тоо – аны иштеп чыгуу – анализ – прогноз – милдеттер – пландар – ишке ашыруу – текшерүү. Ал эми мөөнөтү кыска (оперативдүү) – 1 жылга жетпеген; утурумдук – 1–2 жылдык; орто мөөнөттүү – 3 жылдан 5 жылга чейин; перспек­тивалуу (стратегиялык) – 5 жылдан 10 жылга чейин болушу мүмкүн. Кырг-нда улуттук билим программалары («Жеткинчек», «Билим», «XXI кылымдын кадрлары») иштелип чыккан. Алар­да өлкөнүн билим берүү тармагынын стратегия­сы, эртеңки күндүн негизги багыттары, бул же тигил иш-чараны аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүл­гөн. Б. б. п. окумуштуулар, алдыңкы көзка­раштагы педагогдор, методисттер ж. б. бул иш­ке тиешеси бар адамдар тарабынан иштелип чы­гат ж-а ал жалпы элдик талкуудан кийин мам­лекет жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүштүрүлөт. О. эле ар бир билим берүү мекемесинин өз Б. б. п. бо­лот.

А. Муратов.