БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ – айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алын­ган ж-а эсте сакталып калган тигил же бул объекттери ж-дөгү маалымат. Ал билимди кыс­кача чыг-лык м-н пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Би­лимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуу­чу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, методол. би­лим ж-а баа берүү билимдери. Терминдер ж-а түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандай­дыр бир түрүн же билимдердин жыйындысын белгилөө үчүн колдонулат. Терминдердин ж-а түшүнүктөрдүн жардамы м-н ой жасалат, адам­дын ой-пикири туюнтулуп айтылат. Фактылар ж-дөгү билим бардык башка билимдердин база­сын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Фактыларды бил­мейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, б. а. чыныгы факты­лар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылар­дын чогуусун ж-а аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизин­де түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүк­төрүн системага келтирет. Методол. билимдерге методдор ж-дөгү, таанып-билүүнүн тарыхы, чыг­лыктын ж-а эмгектенүүнүн ар кандай ыкмала­ры ж-дөгү билимдер кирет. Ал өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет.