БИОГАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОГА́З – орг. калдыктардын (кыктын, өсүм­дүктүн) абасыз чөйрөдө микроорганизмдердин аракетинин натыйжасында ачып-кычуусунан пайда болгон күйүүчү газ. Анын курамы метан­дан (65%), көмүр кычкыл газынан (30%), күкүрт­түү суутектен (1%) ж-а көмүртектен (1%) ту­рат. Б. күйгөндө жыты жок көк түстөгү жалын пайда болот. Көпчүлүк түш. өлкөлөрдө (Кытай, Индия) аны мал кыгынан ж-а өсүмдүк калдык­тарынан (саман, кызылча жому ж. б.) абасыз жерде алуу ж-а отун катары пайдалануу кеңи­ри өнүккөн.

N