БИОГЕОЦЕНОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИОГЕОЦЕНО́З (био…, гео… ж-а гр. koinos – жалпы) – зат алмашуусу ж-а энергиялары өзара байланышкан, бири-бирине ыңгайлуу шарт түзүүчү жандуу организмдердин (биоцекоз) ж-а
жансыз компоненттер жыйындысы. Аларга автротрофтуу (фотосинтездөөчү өсүмдүктөр, хемосинтездөөчү микроорганизмдер) ж-а гетеротрофтуу (жаныбарлар, козугарындар, бактериялар, вирустар) организмдер ж-а аларды курчап турган рельеф, тоотектер, гидрол. шарттар, газ ж-а жылуулук ресурстары м-н атм-нын жерге жакын катмары, күн энергиясы, жер кыртышы ж. б. кирет. Б. түшүнүгүн орус окумуштуусу В. Н. Сукачев киргизген (1940). Б-дун жаратылыштагы заттардын айланышында чоң мааниси бар.