БИОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОГРА́ФИЯ (био... ж-а ...графия), т а р ж ы­м а л – 1) адам өмүрүнүн тарыхын жазуу; тары­хый, көркөм ж-а илимий проза жанры. Адабият­таанууда жазуучунун өмүр жолу жазылат. Бул же тигил акын же жазуучунун чыг-лыгын изил­дөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүрбаяндык фак­тылардын, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Көптөгөн өлкөлөрдө «Өрнөктүү адамдардын өмү­рү» деген ад-т сериясы чыгууда. Алардын ичин­де акын-жазуучулар да бар. Кийинки жылдары кыргыз ад-тында А. Осмоновдун, Ж. Турусбе­ковдун, М. Элебаевдин чыг-лык өмүр жолуна К. Жусупов («Ыр сабындагы өмүр»), С. Бөлөк­баев («Биздин Жусуп» повести), О. Сооронов (Му­кай ж-дө биографиялык мүнөздөгү чыгармала­ры) кайрылышты. Мамл. ж-а коомдук ишмер­лер И. Раззаков, С. Ибраимов, Ж. Ибраимов, К. Оторбаев ж. б. ж-дө да биографиялык чыгар­малар жазылды; 2) адам өмүрү. ...