БИОКОММУНИКАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОКОММУНИКА́ЦИЯ (б ио ... ж-а л ат . communico – байланышам, мамилелешем) – жандыктардын бир же ар кандай түрлөрүнүн бири-бири м-н өзара байланышы. Организмдер­дин ортосунда белгилерди билдирүү же аларды кабыл алуу өзүнө ылайыктуу байланыш канал­дары – хим., акустикалык ж. б. жолдор м-н ишке ашат. Ар кандай каналдар м-н берилген информацияны нерв системасы кайрадан иш­теп чыгып, организмде жооп кайтаруу реакция­сы калыптанат. Тигил же бул байланыштын мааниси алардын жашаган чөйрөсүнө байланыш­туу болуп, бардык түрлөр үчүн бирдей эмес. Хим. байланыш эң байыркы ж-а бир кыйла кеңири таралган. Жаныбарлардын бездери бөлүп чыгар­ган ар кандай заттар ж-а зат алмашуунун кээ бир продуктулары экинчи бир жаныбарлардын хеморецепторлоруна таасир этип, алардын өсүүсүн, өнүгүүсүн ж-а көбөйүүсүн жөнгө салып, о. эле белгилүү жүрүм-турумду камсыз кылат. Курт-кумурскалардын жүрүм-турумунда Б-нын мааниси чоң. Балыктар, жерде-сууда жашоочу­лар ж-а сүт эмүүчүлөр өз түрүнүн ж. б. түрлөрдүн жытын абдан жакшы сезип, өзүнөн жат жан­дыкты айырмалоого мүмкүндүк берет. Минога, миксин ж-а кээ бир балыктардын электр талаа­сын пайда кылуусу биргелешип азыгын издөөгө жардам берет. Ал эми электрдик касиети жок балыктар үйүрүндө жалпы электр талаасын пай­да кылып, айрым особдордун жүрүм-турумун координациялайт. Акустикалык мамиле муу­накбуттууларда ж-а омурткалууларда жакшы өөрчүгөн. Үн аркылуу байланышуунун өөрчүшү башка байланыштардын өөрчүшүнө байланыш­туу. Мис., жапайы канаттууларда (ачык, кооз эмес) акустикалык үн чыгаруу деңгээли абдан күчтүү. Ал эми түсү кооз ар кандай ритуалдык


оюндарды демонстрациялоого жөндөмдүү ка­наттууларда үн байланышы начар өөрчүгөн. Та­таал, ар кандай үн чыгаруу көбөйүү мезгилин­де түгөйүн табууга мүмкүндүк берет. Ар бир түр өз жүрүм-турумуна жараша ар түрдүү үн чы­гарат.

Ад.: Экология, структура копуляций и внутриви­довые процессы у млекопитающих, М., 198.


Д. Акматова.