БИОЛОГИЯЛЫК БУЛГАНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БИОЛОГИЯЛЫК БУЛГАНУУ – пайдаланылып жаткан экосистемага ж-а тех. түзүлүштөргө жат өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын ж-а микроор­ганизмдердин табигый жол м-н, о. эле адамдын иш-аракетинен жайылышы. Көпчүлүк учурда аймакка терс таасир этет. Бөлөк жерден келген организмдер жерг. организмдерге караганда чөй­рөгө бат байырлашып, жерг. түрлөрдү четтете баштайт. Мис., америка ачкүсөнү европа ачкүсө­нүн, ондатра калтарчычканды сүрүп чыгарган. Шаарларда таштандылар топтолгон жерлерде (убагында тазаланбай калуудан) кескин түрдө


синантроптук организмдер (келемиш, карга, курт-кумурска) көбөйүп кетет. Чөйрөгө айрык­ча ферменттерди иштеп чыгаруучу ишканалар­дын биол. таасири зор, анткени алардын таш­тандыларын тирүү клеткалуу микроорганизм­дер түзөт.

Б. Үсөнканов.