БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БИОЛОГИЯЛЫК РИТМДЕР – биол. процесстердин ж-а кубулуштардын мезгил-мезгили м-н кайталануучу өзгөрүштөрү. Булар бардык тирүү организмдерге таандык ж-а тиричиликтин уюшуусунун ар бир деңгээлинде (клеткадан баштап биосферага чейин) байкалат. Б. р-дин мүнөзү тукум куугучтук ж-а организмдердин ыңгайланышынын, табигый тандалуунун маанилүү фактору. Айлана-чөйрөдөгү таасирлердин астында аныкталган ритмдер – экзогендик, ал эми организм өзү аныктаган ритмдер – эндогендик делинет. Мис., организмдердин жүрүм-турум мүнөзүнүн экзогендик ритмин негизинен күндүн узактыгы аныктайт. Айрым жаныбарлардын экзогендик ритмине ай таасир этет. Эндогендик ритмдердин себеби толугу м-н изилдене элек. Ошого карабастан ритмдерди тейлөөчү нервдик ж-а эндокриндик механизмдерди иштетүүчү кандайдыр физиол. процесс бар экендиги талашсыз. Эндогендик ритмдердин дагы бир аты – физиол. ритмдер. Организмдеги ар бир физиол. процесс (клеткадагы нуклеин к-талардын, белоктордун синтезделиши, клеткалардын бөлүнүшү, булчуңдардын жыйрылышы, жүрөктүн согушу, демалуу ж. б.) ритмдүү. Ар бир сиcтеманын ритми өзгөчө болсо да, бардык системалардын процесстери бирге ырааттуу ишке ашып, организмдин жүрүм-турум ритмин аныктайт. Физиол. ритмдердин мезгилдүүлүгү секунданын бир нече бөлүгүнөн бир нече минуталарга чейин созулат. Экзогендик ритмдердин экинчи аталышы – экол. ритмдер. Негизги экол. ритмдер Жершарынын Күндүн, ал эми Айдын Жердин айланасында айланышы м-н байланыштуу. Мындай айлануунун таасири астында биздин планетадагы көптөгөн экол. факторлор (өзгөчө жарык, темп-ра, абанын басымы ж-а нымдуулугу, атм-нын электр-магниттик талаасы ж. б., законченемдүүлүктөр) өзгөрөт. Экол. ритмдердин мөөнөтү айлана-чөйрөдөгү табигый ритмдерге шайкеш,
мис.: суткалык, мезгилдик, жылдык, көп жылдык. Экол. ритмдер организмге убакытты баамдап, айлана-чөйрөнүн болочок өзгөрүүлөрүнө даярдык көргөнгө жардам бергендиктен, адаптациялык биол. ритмдер деп аталат. Мис., жаныбарлар суук түшөрдүн астында чээнге кирет же жылуу жакты көздөй кетишет, таңга маал (күн чыгарда) өсүмдүктөрдүн гүлдөрү ачылат ж. б. Экол. ритмдер туруктуу келет. Эгерде кышында өскөн дарактарды жылу у тропиктерде
өстүрсө, алар күзүндө жалбырактарын түшүрөт.
Жердин негизги ритми – суткалык ритм. Ал бир клеткалуулардан баштап адамга чейин түрлүү организмдерде байкалат. Адамдын 100дөн ашык физиол. функцияларына суткалык ритм таандык. Уйку, сергектик мезгилдерине жараша жаныбарлар күндүзгү ж-а түнкүлөргө бөлүнөт. Жарыкта активдүү жаныбарларга таранчы, кумурскалар, ал эми караңгыда активдүүлөргө жарганаттар м-н кирпичечендер кирет. Ритмдердин бузулушу физиол. функциялардын бузулушуна, ал эмес оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Адамда уйку м-н сергектик ритми бузулса, уйкусуздук гана эмес канайлануу, демалуу ж-а тамак сиңирүү органдары да бузулат. Климаттык, физ. шарттардын жыл ичинде законченемдүү өзгөрүшү тирүү организмдерде ар кандай ыңгайланышуулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жандуулардын көбөйүүсү, өсүп-өрчүүсү, миграциясы, ыңгайсыз шарттардан сактанышы жылдын белгилүү бир мезгилине байланыштуу. Жасалма түрдө жарыктын, темп-ранын мезгилдик ритмдерин
өзгөртүп күнөсканаларда өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатып, бакма жаныбарлардын көбөйүшүнө шарт түзүү мүмкүн. Ар бир дары-дармектин сутка ичинде ар кандай таасир эткендиги байкалган. Байыркы Кытайдын дарыгерлери 24 саатты «тиричилик күчтүн сааттарына» ж-а «оорунун сааттарына» бөлгөн. Илгертен кыргыздар бешимде уктачу эмес, анткени андай уйку адамды эс алдырбастыгын байкаган. Азыркы мезгилде көп оорулуулар убакытты эске алуу м-н дарыланат.
Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Кулназаров Б. Жалпы экология. Б., 1999; Мухин Л. М. Планеты и жизнь. М., 1980.
Ж. Карамолдоев.