БЕКЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕКЕТ''' (фр. рiquet, орусча пикет) – 1) чакан күзөт отряды; 2) темиржолдун узундук чени; 3) геод. рейкаларды орнотуу ж-а трассаны камсыз кы­луу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар м-н белгиленген белгилүү орундагы геод. чекит­тер; 4) ар бир 20–25 ''км'' аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түн. Кырг-ндын айрым айма­гында (мис., Нарын обл.) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мис., уй Б., ат Б.) Б. деп
'''БЕКЕТ''' (фр. рiquet, орусча пикет) – 1) чакан күзөт отряды; 2) темир жолдун узундук чени; 3) геодезиялык рейкаларды орнотуу ж-а трассаны камсыз кы­луу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар м-н белгиленген белгилүү орундагы геодезиялык чекит­тер; 4) ар бир 20–25 ''км'' аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түндүк Кыргызстандын айрым айма­гында (мисалы, Нарын облусунда) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мисалы, уй Бекет, ат Бекет) Бекет деп аталат. Илгери темир жол ж-а машина жокто жүргүнчүлөр Бекетке токтошчу, аттарды алмашты­рышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Бекеттер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-кылымдын ортосунан баштап, Кыргызста­ндын түндүк райондорунда кара жол жээгинде Бекеттер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегил­ген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жет­кирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай Бекеттерди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде Бекет станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мисалы, ''Авто бекет'', темир жол Бекети ж. б.
 
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 
аталат. Илгери темиржол ж-а машина жокто жүргүнчүлөр Б-ке токтошчу, аттарды алмашты­рышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Б-тер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-к-дын ортосунан баштап, Кырг­ндын түн. райондорунда каражол жээгинде Б-тер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегил­ген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жет­кирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай Б-терди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде Б. станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мис., ''Автобекет'', темиржол Б-и ж. б. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

06:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕКЕТ (фр. рiquet, орусча пикет) – 1) чакан күзөт отряды; 2) темир жолдун узундук чени; 3) геодезиялык рейкаларды орнотуу ж-а трассаны камсыз кы­луу үчүн белгилүү орунга кагылган казыктар м-н белгиленген белгилүү орундагы геодезиялык чекит­тер; 4) ар бир 20–25 км аралыкта жайгашкан почта станциясы. Түндүк Кыргызстандын айрым айма­гында (мисалы, Нарын облусунда) мал үчүн жылууланып салынган курулуш да (мисалы, уй Бекет, ат Бекет) Бекет деп аталат. Илгери темир жол ж-а машина жокто жүргүнчүлөр Бекетке токтошчу, аттарды алмашты­рышчу, почта кызматкерлери же чиновниктер эс алып, ат чалдырып же ат которуп өтүшчү. Бекеттер ортосунда эки же үч ат чеккен почта арабалары жүрүп турчу. 19-кылымдын ортосунан баштап, Кыргызста­ндын түндүк райондорунда кара жол жээгинде Бекеттер салынган. Почта жүктөрү көбүнчө кош ат чегил­ген арабада, чанада ташылчу. Кабарды тез жет­кирүү, өкмөт чиновниктерин ташуу үчүн токулуу аттар даяр турчу. Мындай Бекеттерди тейлөөчүлөрдү бекетчи деп аташкан. Азыркы кезде Бекет станция деген мааниде колдонулган учурлар да бар, мисалы, Авто бекет, темир жол Бекети ж. б.