БЕКНАЗАР КУУДУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЕКНАЗАР КУУДУЛ''' , Б е к н а з а р А р з ы­м а т у у л у (1881, Токтогул р-ну, Ничкесай кыш. – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалда­нып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызыл­суу кыш-на байыр алып калат. Жети жашын­да энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9
'''БЕКНАЗАР КУУДУЛ''' , Б е к н а з а р А р з ы­ м а т у у л у (1881, Токтогул району, Ничке-Сай кыштагы – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалда­нып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызыл-Суу кыштагына байыр алып калат. Жети жашын­да энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9 жашында үйүнөн безип, Ар­станбап мазарына келип, андагы шайыктарга кум­ганчы (дааратка суу даяр­дап бергич) болуп иштеген.
 
 
жашында үйүнөн безип, Ар­станбап мазарына келип, андагы шайыктарга кум­ганчы (дааратка суу даяр­дап бергич) болуп иштеген.  
[[File:БЕКНАЗАР КУУДУЛ21.png | thumb | none]]
[[File:БЕКНАЗАР КУУДУЛ21.png | thumb | none]]
Бул жерде ал айрым кожо­молдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, алар­ды жек көрүү сезими пай­да болгон. Ошондуктан дин­чилердин кылык-жорукта­рын ашкерелөө анын негизги темасы болуп кал­ган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Му­саллага тойгондогу зикир», «Молдолор тоору­ганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду»,
Бул жерде ал айрым кожо ­молдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, алар­ды жек көрүү сезими пай­да болгон. Ошондуктан дин­чилердин кылык-жорукта­рын ашкерелөө анын негизги темасы болуп кал­ган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Му­саллага тойгондогу зикир», «Молдолор тоору­ганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду», «Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Бекназар куудул 1930-жылы Токтогул райондук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мы­шык, ит ж. б. жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Бекназар куудул ''Токтогул'' акындын шакирттеринин бири болгон. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
«Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Б. К. 1930-ж. Токтогул р-ндук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мы­шык, ит ж. б. жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Б. К. ''Токтогул'' акындын шакирттеринин бири болгон. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

05:21, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕКНАЗАР КУУДУЛ , Б е к н а з а р А р з ы­ м а т у у л у (1881, Токтогул району, Ничке-Сай кыштагы – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалда­нып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызыл-Суу кыштагына байыр алып калат. Жети жашын­да энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9 жашында үйүнөн безип, Ар­станбап мазарына келип, андагы шайыктарга кум­ганчы (дааратка суу даяр­дап бергич) болуп иштеген.

Бул жерде ал айрым кожо ­молдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, алар­ды жек көрүү сезими пай­да болгон. Ошондуктан дин­чилердин кылык-жорукта­рын ашкерелөө анын негизги темасы болуп кал­ган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Му­саллага тойгондогу зикир», «Молдолор тоору­ганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду», «Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Бекназар куудул 1930-жылы Токтогул райондук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мы­шык, ит ж. б. жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Бекназар куудул Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.