БЕЛ (ашуу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page БЕЛ 1 to БЕЛ (ашуу))
 
(Айырма жок)

09:24, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЛ – кырка тоолордун кайкыраак жону. Баш­ка тилдерде түрдүү маанилерди берет, мисалы, жал, жайпагыраак түздүк (азербайжан), тоо капта­лы (тува), тоо, кырка тоо, каптал (алтай), тоо боорунун дан өсүмдүктөрү жыш өсүүчү, кайрак дыйканчылыгы өнүккөн орто чени (түркмөнчө), капчыгай, шаңшаар (түрк), тоо этеги (монгол) ж. б. Белдин а ш у у, д а б а н, ө т м ө к, а р т деген синонимдери да бар. Бул түшүнүккө бай­ланыштуу Кыргызстанда – Ала-Бел, Кара-Бел, Түз-Бел, Көк-Бел, Муз-Бел, Бел-Кыштак, Бел-Мазар, Бел-Ка­ра-Суу ж. б. топонимдер учурайт.