БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР '''(Ranunculaсеае) - өсүмдүк­төрдүн эки үлүштүүлөр | '''БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР '''(Ranunculaсеае) - өсүмдүк­төрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму; бир же көп жылдык чөп, кээде бадал, жарым ба­дал, лиана. Сабагы түз өсөт, кээде түп жагы жантайыңкы,бийиктиги 20-150 ''см'' ге жетет, түктүү же | ||
[[File:БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР23.png | thumb | none]] | [[File:БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР23.png | thumb | none]] |
05:19, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР (Ranunculaсеае) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму; бир же көп жылдык чөп, кээде бадал, жарым бадал, лиана. Сабагы түз өсөт, кээде түп жагы жантайыңкы,бийиктиги 20-150 см ге жетет, түктүү же

түксүз, бутактуу же бутаксыз. Жалбырактары кезектешип жайгашкан, формасы ар түрдүү, жээги тегиз, көпчүлүгү манжадай бир, эки ирет тилкелүү, негизинен алар тамыр моюнчасына топтолгон. Топ гүлү калемчедей, жаачадай, шыпыргыдай, көп учурда жалгыздан. Гүлдөрү эки жыныстуу, адатта беш желекчелүү, түркүн түстүү. Аталыгы көп, үстүнкү энеликтүү, бир же көп мөмө жалбыракчадан турат. Мөмөсү - бир же көп уруктуу жаңгакча. Жер жүзүндө 1500дөн ашуун түрү негизинен мээлүүн алкактарда таралган. Кыргызстанда байчечекейдин 22 уруусу, 110дой түрү өрөөндөн тартып мөңгү этегине чейин таралган. Көпчүлүк түрүндө алкалоиддер, глюкозиддер бар, айрымдары уулуу (уу коргошун, уу байчечекей). Медицинада (уу коргошун, тармал чөп, адонис), элдик медицинада колдонулат. Кээ бир түрлөрү кооз (бүргүн, троллиус, байчечекей, чымылдык) болгондуктан, гүлзарларда өстүрүүгө болот.
К. Т. Тургунбаев.