БЁРНС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЁРНС''' Роберт (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй | '''БЁРНС''' Роберт (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй кыштагы – 21.7.1796, Дамфрис шаары) – шотланд акы­ны. Жаштайынан жакырчылыктын каарын тарткан. Өз алдынча окуп билим алган. Шот­ландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жа­шынан ыр жаза баштаган. Жергиликтүү чиркөө төбөлдөрүн келекелеген «Эки койчу» (1784), «Со­пусунган Виллинин сыйынуусу» (1785) аттуу сатиралык поэмаларын жазган. «Негизинен шотланд диалектисинде жазылган ырлар» (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн. «Брюс – шотландиялыктарга» деген патриоттук гимндин, «Шайыр жакырлар» кан­татасынын, жарандык жана ашыктык лириканын («Эркиндик дарагы» жана башкалар) автору. Ал өзүнүн поэзиясы менен байланышкан Шотландиянын музыка жана поэзия фольклорун чогултуп, басма­га даярдаган. Анын лирикасындагы негизги жанр – ыр. Бёрнстин ырлары XIX кылымдын башынан орусчага которула баштаган. Айрым ырлары кыргыз тилине да которулган. | ||
жанр – ыр. | [[Файл:Бёрнс.jpg|left|thumb|267x267px]] | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
05:41, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЁРНС Роберт (25.1.1759, Шотландия, Алоуэй кыштагы – 21.7.1796, Дамфрис шаары) – шотланд акыны. Жаштайынан жакырчылыктын каарын тарткан. Өз алдынча окуп билим алган. Шотландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жашынан ыр жаза баштаган. Жергиликтүү чиркөө төбөлдөрүн келекелеген «Эки койчу» (1784), «Сопусунган Виллинин сыйынуусу» (1785) аттуу сатиралык поэмаларын жазган. «Негизинен шотланд диалектисинде жазылган ырлар» (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн. «Брюс – шотландиялыктарга» деген патриоттук гимндин, «Шайыр жакырлар» кантатасынын, жарандык жана ашыктык лириканын («Эркиндик дарагы» жана башкалар) автору. Ал өзүнүн поэзиясы менен байланышкан Шотландиянын музыка жана поэзия фольклорун чогултуп, басмага даярдаган. Анын лирикасындагы негизги жанр – ыр. Бёрнстин ырлары XIX кылымдын башынан орусчага которула баштаган. Айрым ырлары кыргыз тилине да которулган.
