БЕЛГРАД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛГРА́Д''' (Београд) – Черногория ж-а Сербия | '''БЕЛГРА́Д''' (Београд) – Черногория ж-а Сербия мамлекеттеринин биримдигинин ж-а Сербия Республикасынын бор­бор шаары. Түштүк Европадагы ири шаарлардын бири. Белград өзгөчө административдик-аймактык бирдик статусуна ээ болгон (16 общинага бөлүнөт) борбордук регионду түзөт. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасын­дагы общиналар м-н 1,7 млн). Дунай дарыясына Сава дарыясы куйган жерде жайгашкан өлкөдөгү ири порт. Темир жол ж-а автомобиль магистралдар тоому. Батыш ж-а Борбордук Европадан Эгей деңизине чы­гып, андан ары Кичи Азияга,Жакынкы ж-а Ор­тоңку Чыгышка чыгат. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (ар түрдүү); эгин жыйноочу ком­байндар, трактор, айыл чарба техникалары, автобус («Икарбус» заводу), микроэлектрон приборлору, тиричилик техникаларынын тетиктери («Бе­лим» заводу), химия, текстиль, булгаары-бут ки­йим, полиграфия, тамак-аш, жеңил, жыгачылык өнөржайы иштейт. Эл аралык ярмаркалар ж-а жыл сайын кинофестивалдар өтүп турат. Серб ИА, университет, обсерватория, театр ж-а кино акаде- | ||
өнөржайы иштейт. | |||
[[File:БЕЛГРАД36.png | thumb | Белград. Сава дарыясынын бою.]] миясы (1950, учурда драма | [[File:БЕЛГРАД36.png | thumb | Белград. Сава дарыясынын бою.]] миясы (1950, учурда драма искусствосу факультети), китепкана, театрлар, филармония (оркестр, хор), элдик этнографиялык музейлери ж. б. бар. | ||
Тоо капталдарында ж-а дөңсөөлөрүндө токой | Тоо капталдарында ж-а дөңсөөлөрүндө токой массивдери ж-а парктар көп, алар Космай (628 ''м''), Авала (506 ''м'') ж. б. корук уюшулган. Азыркы Белграддын аймагында байыркы кельт урууларынын Сингидунум аттуу тургун жайы болгон, кийинчерээк ошол эле ат м-н римдик шаар болуп калган (б. з. ч. 1-кылым б. з. 4-кылым). 6-кылымда шаар Византиянын карамагына өткөн. 9–10-кылымдарда болгарлар ээлешкен. 11–12-кылымдарда Ви­зантиянын, андан кийин болгарлардын, венгр­лердин ж-а сербдердин бийлиги астында кел­ген. 1521-жылы Белградды түрктөр басып алган. Авст­рия-Түркия согуштарынын учурунда Белград үч жолу (1688–90, 1717–39, 1789–91) австриялыктардын колуна өткөн. 1806-жылы түрктөрдөн бошотулуп, Сербия княздыгынын (1882-жылдан королдугу­нун) борбору болуп калат. 1813–30-жылдарда шаар кай­радан түрктөрдүн бийлигине өткөн. Биринчи дүйнөлүк согушта Белград эки жолу австриялык ас­керлер тарабынан басып алынган. 1918-жыл­дын 1-декабрынан Белград серб, хорват ж-а словен­дер королдугунун (1929-жылдан Югославиянын) борбор шаары. 1941-жылы 13-апрелде Германия басып алган. 1944-жылы советтик аскерлер м-н Югосла­виянын Элдик-боштондукка чыгаруу армиясы бошоткон. 1945–92-жылдарда Югославия Элдик Феде­рация Республикасынын (1963-жылдан Югославия Социалисттик Федерация Республикасынын) борбор шаары болуп жа­рыяланган. 1992-жылдан Югославия Союздук Республикасынын, 2003-жылдан Черногория ж-а Сербия Республикасынын борбору. | ||
массивдери ж-а парктар көп, алар Космай (628 ''м''), Авала (506 ''м'') ж. б. корук уюшулган. Азыркы | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:44, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛГРА́Д (Београд) – Черногория ж-а Сербия мамлекеттеринин биримдигинин ж-а Сербия Республикасынын борбор шаары. Түштүк Европадагы ири шаарлардын бири. Белград өзгөчө административдик-аймактык бирдик статусуна ээ болгон (16 общинага бөлүнөт) борбордук регионду түзөт. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасындагы общиналар м-н 1,7 млн). Дунай дарыясына Сава дарыясы куйган жерде жайгашкан өлкөдөгү ири порт. Темир жол ж-а автомобиль магистралдар тоому. Батыш ж-а Борбордук Европадан Эгей деңизине чыгып, андан ары Кичи Азияга,Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышка чыгат. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (ар түрдүү); эгин жыйноочу комбайндар, трактор, айыл чарба техникалары, автобус («Икарбус» заводу), микроэлектрон приборлору, тиричилик техникаларынын тетиктери («Белим» заводу), химия, текстиль, булгаары-бут кийим, полиграфия, тамак-аш, жеңил, жыгачылык өнөржайы иштейт. Эл аралык ярмаркалар ж-а жыл сайын кинофестивалдар өтүп турат. Серб ИА, университет, обсерватория, театр ж-а кино акаде-

миясы (1950, учурда драма искусствосу факультети), китепкана, театрлар, филармония (оркестр, хор), элдик этнографиялык музейлери ж. б. бар.
Тоо капталдарында ж-а дөңсөөлөрүндө токой массивдери ж-а парктар көп, алар Космай (628 м), Авала (506 м) ж. б. корук уюшулган. Азыркы Белграддын аймагында байыркы кельт урууларынын Сингидунум аттуу тургун жайы болгон, кийинчерээк ошол эле ат м-н римдик шаар болуп калган (б. з. ч. 1-кылым б. з. 4-кылым). 6-кылымда шаар Византиянын карамагына өткөн. 9–10-кылымдарда болгарлар ээлешкен. 11–12-кылымдарда Византиянын, андан кийин болгарлардын, венгрлердин ж-а сербдердин бийлиги астында келген. 1521-жылы Белградды түрктөр басып алган. Австрия-Түркия согуштарынын учурунда Белград үч жолу (1688–90, 1717–39, 1789–91) австриялыктардын колуна өткөн. 1806-жылы түрктөрдөн бошотулуп, Сербия княздыгынын (1882-жылдан королдугунун) борбору болуп калат. 1813–30-жылдарда шаар кайрадан түрктөрдүн бийлигине өткөн. Биринчи дүйнөлүк согушта Белград эки жолу австриялык аскерлер тарабынан басып алынган. 1918-жылдын 1-декабрынан Белград серб, хорват ж-а словендер королдугунун (1929-жылдан Югославиянын) борбор шаары. 1941-жылы 13-апрелде Германия басып алган. 1944-жылы советтик аскерлер м-н Югославиянын Элдик-боштондукка чыгаруу армиясы бошоткон. 1945–92-жылдарда Югославия Элдик Федерация Республикасынын (1963-жылдан Югославия Социалисттик Федерация Республикасынын) борбор шаары болуп жарыяланган. 1992-жылдан Югославия Союздук Республикасынын, 2003-жылдан Черногория ж-а Сербия Республикасынын борбору.