БЕКТУРСУНОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКТУРСУНОВ''' '''Сүйүнтбек''' [20. 12. 1909, Олуя-Ата уезди, Кара-Суу болуштугу (азыркы Талас району, Үч-Кошой кыштагы) – 13. 6. 1962, Фрунзе] – котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930), Кыр­гыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары бо­луп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Тол­стойдун «Согуш жана тынчтык» (1- | '''БЕКТУРСУНОВ''' '''Сүйүнтбек''' [20. 12. 1909, Олуя-Ата уезди, Кара-Суу болуштугу (азыркы Талас району, Үч-Кошой кыштагы) – 13. 6. 1962, Фрунзе] – котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930), Кыр­гыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары бо­луп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Тол­стойдун «Согуш жана тынчтык» (1-том, 1949; 2-том, 1951; 3-том, 1954), «Аңгемелер жана жомоктор» | ||
(1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгар­малар» (1959) | (1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгар­малар» (1959) жана башкалар, М. Горькийдин пьеса, аңге­мелерин, А. С. Пушкиндин «Капитан кызы» (1958), Майн Риддин «Башы жок чабандес» (1959), ошондой эле Л. Жариков, В. Маяковский, С. Улуг­заде, С.Аксаков, Э. Распэ, П. Абрахамс, И. Со­колов-Микитов, Н. Островский жана башка акын-жа­зуучулардын чыгармаларын которгон. Л. Тол­стойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясын ко­торушу анын улуттук адабиятка кошкон зор салы­мы болгон. Ал В. Горячих менен бирдикте «Армансыз азаматтар» деген пьеса да жазган. «Кыр­гыз фильм» студиясында көптөгөн кинону кыр­гызчалаткан. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
06:39, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКТУРСУНОВ Сүйүнтбек [20. 12. 1909, Олуя-Ата уезди, Кара-Суу болуштугу (азыркы Талас району, Үч-Кошой кыштагы) – 13. 6. 1962, Фрунзе] – котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930), Кыргыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» (1-том, 1949; 2-том, 1951; 3-том, 1954), «Аңгемелер жана жомоктор» (1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгармалар» (1959) жана башкалар, М. Горькийдин пьеса, аңгемелерин, А. С. Пушкиндин «Капитан кызы» (1958), Майн Риддин «Башы жок чабандес» (1959), ошондой эле Л. Жариков, В. Маяковский, С. Улугзаде, С.Аксаков, Э. Распэ, П. Абрахамс, И. Соколов-Микитов, Н. Островский жана башка акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясын которушу анын улуттук адабиятка кошкон зор салымы болгон. Ал В. Горячих менен бирдикте «Армансыз азаматтар» деген пьеса да жазган. «Кыргыз фильм» студиясында көптөгөн кинону кыргызчалаткан.