БЕЛЕК (Сокулук районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БЕЛЕК to БЕЛЕК (Сокулук районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
07:35, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛЕК – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 6 км түштүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 925 м бийиктикте. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 1429 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана бар. Кыштакта КРдин эл артисти А. Куттубаев туулган.