БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:19, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЛ-САЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан ошол кылымдардын аягына чейин­ки мезгилге таандык көрүстөндөр. Кочкор районун­дагы Кара-Суу жана Кара-Саз айылдарынын түштүк тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичи­нен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ. Көрүстөндүн күн-чыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казак­стандын борборунда, түштүгүндө кеңири бел­гилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына мин­ген атынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. Алардын көпчүлүгү мурда эле казылып, буюм­-тайымы уурдалган. Археологиялык казуу учурунда бай­ыркы түрк дооруна мүнөздүү темир үзөңгүлөр табылып, калыбына келтирилген. Ал эми XI–XIV кылымдарга таандык көрүстөндөрдө аттын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жай­гаштырылган. Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мисалы, аялдын жанына чоң темир кайчы коюл­са, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан ки­чине кайчы табылган (ошондой эле кыздын баш жа­гында жана эки колунда 3 жез тыйын болгон). Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүкөлүү жилик) коюлган. Салтка ай­ланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним менен байланыштырылат. 1990-жылы археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-жылы М. И. Москалев жана О. А. Солтобаев тарабынан изилденген.

К. Табалдиев.