БЕЛИНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕЛИ́НСКИЙ''' Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–1824), Пенза гимназиясында (1825–1828) окуган. 1829-жылы Москва университетинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечествен­ные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-жылы бул журналда «Адабий кыял­дар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына жана сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясынакаршы туруп, жазуучулар­дан коомдун алдыңкы тен­денциясын ачып берүүнү та­лап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын тектерге жана түрлөргө бөлүнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Алек­сандр Пушкиндин чыгарма­лары» (1843–1848), «1847-жыл­дагы орус адабиятына көз ­караш» (1848) аттуу макалаларында эстетика­лык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган.
'''БЕЛИ́НСКИЙ''' '''Виссарион Григорьевич''' [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–1824), Пенза гимназиясында (1825–1828) окуган. 1829-жылы Москва университетинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечествен­ные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-жылы бул журналда «Адабий кыял­дар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына жана сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына каршы туруп, жазуучулар­дан коомдун алдыңкы тен­денциясын ачып берүүнү та­лап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын тектерге жана түрлөргө бөлүнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Алек­сандр Пушкиндин чыгарма­лары» (1843–1848), «1847-жыл­дагы орус адабиятына көз ­караш» (1848) аттуу макалаларында эстетика­лык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган.


[[File:БЕЛИНСКИЙ45.png | thumb | none]]
[[File:БЕЛИНСКИЙ45.png | thumb | none]]
6 сап: 6 сап:




<p align='right'>''.А Садыков.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
<p align='right'>''А Садыков.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]]

09:27, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЛИ́НСКИЙ Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–1824), Пенза гимназиясында (1825–1828) окуган. 1829-жылы Москва университетинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечествен­ные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-жылы бул журналда «Адабий кыял­дар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына жана сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына каршы туруп, жазуучулар­дан коомдун алдыңкы тен­денциясын ачып берүүнү та­лап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын тектерге жана түрлөргө бөлүнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Алек­сандр Пушкиндин чыгарма­лары» (1843–1848), «1847-жыл­дагы орус адабиятына көз ­караш» (1848) аттуу макалаларында эстетика­лык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган.

«Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реа­лизм менен элдүүлүк принциптеринин кеңири орун алганын көрсөткөн. Анын сынчылык мурасында Пушкинге арналган макалалар цикли өзгөчө орунда. Бул циклди орус адабиятынын Ломоносов­дон Пушкинге чейинки тарыхы десе да болот. Анда Пушкиндин поэзиясы орус адабиятындагы жа­ңычыл көрүнүш экени, анын улуттук мүнөзү, көркөмдүк өзгөчөлүгү кеңири ачылат. М. Ю. Лер­монтов, Н. В. Гоголь жана башкалар жөнүндөгү макалала­рында жазуучулардын чыгармаларынын улут­тук өзгөчөлүгүн, элдүүлүк, гумандуулук ка­сиеттерин көрсөтүп, орус адабиятынын өсүү жолдо­рун талдаган. Белинский Европанын улуу сүрөткерле­ри У. Шекспир, П. Беранже, Г. Гейне, В. Гете, Ч. Диккенстин чыгармалары жөнүндө да ойлорун айткан. Чыгармачылык мурасы кыргыз адабий сыны­нын калыптанышына да таасирин тийгизди. Анын тандалма макалалары 1948- жана 1973-жылы кыргыз тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.


А Садыков.