БЕРЛИН ДУБАЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ''' – Батыш | '''БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ''' – Батыш жана Чыгыш Бер­линди бөлүп келген дубал. 1949-жылы Германия­нын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Республиканын (ГФР) жана Германия Демократиялык Республиканын (ГДР) түзүлүшү менен Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы ''анклавга'' айлан­ган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Бер­линге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракетте­нишип, 1945–1961-жылдар аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Берлин дубалы 1961-жылы Берлин кризисинин учурунда Германия Демократиялык Республика тарабынан тургузулган жана катуу кайтарууга алынган. Германия Демократиялык Республикасы менен Германия Федеративдүү Республиканын биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Берлин дубалы өз маанисин жоготкон жана 1991-жылы толугу менен алынып салынган. | ||
[[Файл:Берлин.jpg|left|thumb]] | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
11:08, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ – Батыш жана Чыгыш Берлинди бөлүп келген дубал. 1949-жылы Германиянын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Республиканын (ГФР) жана Германия Демократиялык Республиканын (ГДР) түзүлүшү менен Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы анклавга айланган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Берлинге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракеттенишип, 1945–1961-жылдар аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Берлин дубалы 1961-жылы Берлин кризисинин учурунда Германия Демократиялык Республика тарабынан тургузулган жана катуу кайтарууга алынган. Германия Демократиялык Республикасы менен Германия Федеративдүү Республиканын биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Берлин дубалы өз маанисин жоготкон жана 1991-жылы толугу менен алынып салынган.
