ГРАСС ГЮНТЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРАСС ГЮ́НТЕР (16.10.1927-ж. т., Данциг, азыркы Гданьск) – немец жазуучусу, сүрөтчү, скульптор (Батыш Берлин). Нобель сыйл. лауреаты (1999). «Мышык-чычкан» (1961) повестинде, «Калай барабан» (1959), «Катаал жылдар» (1963), «Наркоз менен» (1969), «Үлүлдүн күндөлүгүнөн» (1972) романдарында социалдык өнүгүүнүн реалдуу альтернативасын көрсөтпөстөн, ГФР турмушунун терс жактарын, улутчулдукту катуу сындаган. «Камбала» (1977) аттуу роман-притчасы, «Тельгтедеги жолугушуу» (1979) тарыхый-фантастикалык повести бар. «Чексиз талаа» (1995) романында өмүр бою ГДРде жашаган адамдардын бириккен Германиядагы жашоо-турмушу, адам психологиясынын татаал жактары сүрөттөлөт. Көптөгөн ыр жыйнактардын ж-а пьесалардын да автору.