БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:06, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕШ-ТАШ-КОРОО БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ – байыркы түрк доо­руна (VII–VIII кылымдар) таандык археологиялык эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабын­дагы Кара-Тоонун этегинде жайгашкан. Аска бе­тине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа менен аңчылык кылуу көрүнүштөрү, ошондой эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаны­барлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кез­дешет.

Байыркы түрк көрүстөнү (аты м-н көмүлгөн маркум; Бешташкороо III).

Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр өзгөчө маанилүү.

Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты менен кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокер­дин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жа­нынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык аба­лы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо калыптанып, XIII–XIV кылымдарга чейин уланган. Археологиялык эстеликти 1991–1994-жылдары К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.


К. Табалдиев.